www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК Жал кичи районунда эки жаранды аёсуз сабалышын жашырган Бишкек ШИИББинин патруль кызматынын эки кызматкерин кармады. Алар кечээ, 6-сентябрда кечинде кармалган. Бул кызматкерлер кылмышка шектүүлөрдү кармагандын ордуна, аларды милиция бөлүмүнө мыйзамсыз алып барып, кайра кийин кое берип жиберишкени жана кылмышты жашырганы үчүн айыпталууда. Экөө тең УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. 

Эске салсак, 28-августта саат 7де милицияга мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Бишкек ШИИББинин патрулдук кызматынын экипажы барган. Алардан сырткары Чүй ОИИББинин кызматкери да окуя болгон жерге барып, кылмышка шектүүлөрдү алып кеткен. Жабырлануучулар болсо ооруканага жеткирилген.

Чүй ОИИББинин кызматкери патрулдук экипаждын кызматкерлери менен сүйлөшүп, алар менен чогуу кылмышка шектүүлөрдү Арча-Бешик конушундагы милиция бөлүмүнө алып барышкан. Кылмышка шектүүлөр жабырлануучу катары арыз жазган соң аларды кое беришкен. Алар ошол бойдон из жашырып кетип, кечээ, 6-сентябрда өзүлөрү милицияга келип колго түшүшкөн.

Ал эми Чүй ОИИББинин кызматкери кылмышка шектүүлөргө тууган экендиги аныкталган.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости