www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго КР ИИМ Министри Кашкар Жунушалиевге КР Саламаттык сактоо Министри Космосбек Чолпонбаевге Бишкек шаарынын Октябрь районунун соту Кымбат Архаровага
КАЙРЫЛУУ
Кыргыз коомчулугунда акыркы айларда билгенге, баалаганга, баркын билгенге сенцациялуу окуя болуп өттү. Ал - оштук врачтар бооруңду алмаштыруудан башка жол жок, донор таап, 40 миң доллар камда деп чыгарып койгон Абдыкайым уулу Азаматтын табып Хашим Зайналиевден айыгып башташы. Дүйнөдө атактуу клиникалар боордун өзүн айыктырбайт, болгону таза донордук боор таап, ошону салып коюшат. Мында операция кандай болот, бейтаптын андан аркы жашоосу кандай болот? Бул да чоң суроо. Азамат Абдыкайым уулунун айыгып башташы кыргыз коомчулугун аябай кубандырды. Врачтар гана кубанган жок. Азаматты куттуктап коюунун ордуна алар жалаң тескери сөздөрдү жазып жатышат.
Мында эң бир антигумандуу иш: Азамат баш болгон ондогон эң оор дарттан азап чегип жаткан мекендештерибизди жана башка өлкөлөрдүн жарандарын дарттан айыктырган Хашим Зайналиевди укук коргоо органдары камакка алуусу болуп жатат. Андан дарыланып жаткан бейтаптардын түртпөгөн эшиги, барбаган чоңу калган жок. Бүт эле жогору жак чечип жатат деп жатышат. Өз элине каршы иштеген ал кандай жогору жак экен деп биз да ар кандай ойлорго алдырып отурабыз.
Хашим Зайналиев жүздөгөн ооруларды эч кандай медикаментсиз, оор операцияларсыз айыктырды. Ошол айыккандардын арасында биз да барбыз. Айыккандар буга чейин коомчулукка ачык чыга албай жатышты. Анткени Хашимден айыктым дегендерди врачтар, кыргыз элине көп жакшылык каалай бербеген, чет элден каржыланган сайттар, радиолор шылдыңдап, Хашимдин өзүн милиция баса калып келди. Азыр эми Хашимден дарыланган жүздөгөн бейтаптар социалдык түйүндөр аркылуу элге кабарлап жатышат. Бирок алардын чындыгын угалы, кыргыздын карапайым бир табыбы кандай иш жасап жатат экен деп таза ниет менен кызыккан бир да массалык маалымат каражаты жоктугу кандай өкүнүчтүү.
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Сизге Конституциянын гаранты катары кайрылып жатабыз. Кыргызстандын эли, айрыкча, ооруканалардан чыгарып койгон оор бейтаптар кандай жол менен дарылануу, кимден дарыланууга конституциялык укугу бар. Алардын акыркы үмүтү болгон табыптардан дарылануу укугунанан ажыратпаңыз. Азирети Умар «Акыр Кыяматта Багдаддын көчөлөрүндө чалынып кеткен эшек үчүн да жооп берем, ошол жолду оңдоп койбогонум үчүн» дегени падышалар үчүн үлгү. Миңдеген адамдар Сизге кайрылып жатышат. Демек, падыша катары алардын ар биринин кайрылуусун угуп, адилет чечим алууга милдеттүүсүз. Согушта да врачтар, табыптар камакка алынган эмес. Тескерисинче, алар падышалардын коргоосунда жана урмат-сыйында болгондугун тарых барактарынан билебиз. Ошондуктан миңдеген адамдардын үмүтү болгон Хашим Зайналиевдин иши адилет тергелип, камактан бошотулуп чыгуусуна көңүл бурасыз деп үмүттөнөбүз, урматтуу Президент.
Эгер Хашим Зайналиевди иштетип, мамлекет тарабынын колдоо болгондо, балким оорудан жабыркап, элден тыйын сурап, көздөрүн жалдыратып, Кудайга зар какшап жаткан жүздөгөн бейтаптарга жеңилдик болоор беле? Бирок врачтардын Хашимге каршылыгын карап туруп, Хашимди колдоо, анын табылгаларын Кыргызстандын жарандары үчүн колдонуу Кыргызстанда качандыр бир болоорунан үмүтүбүз эбак үзүлгөн. Хашим табып өзү өз иштери боюнча Сизге да бир нече жолу кайрылган экен. Тилекке каршы, бир да жооп болбоптур.
Октябрь райондук Сотунун соту Кымбат Архарова!
Сиз кандай адамдын сот ишин карап жатканыңызды эч качан эстен чыгарбасаңыз экен. Хашим Зайналиевдин артында миңдеген адамдардын үмүт-тилеги жатат. Анын үстүнө арыз берүүчү Султан мырза арызын алды. Бул жашоодо адамдар ойлоп таап жазып чыккан мыйзамдардан да жогору турган Кудайдын мыйзамдары бар экенин, оору-сыркоо, өлүм ар бир башта бар экендигин эске алыңыз, урматтуу Сот айым.
Уникалдуу табып, элдик дарыгер Хашим Зайналиевдин камактан бошотулушун Кудайдан тилеп, Кудайдын назары менен падыша болгон Сооронбай Жээнбековдун адилет чечиминен үмүт кылып, -
Кыргыз Республикасынын жарандары:
1. Кыяс Молдокасымов, тарых илимдеринин кандидаты, профессор. 2. Бейшенбек Бекешов, журналист, жазуучу, коомдук ишмер. 3. Болотбек Каримов, биология илимдеринин кандидаты, окумуштуу, эколог 4. Шайыр Эркин уулу, жазуучу, журналист. 5. Абдимитал Жүзбаев, коомдук ишмер 6. Коланов О.К., биология илимдеринин кандидаты, доцент; 7. Абжамилов С.Т., биология илимдеринин кандидаты, доцент; 8. Абдыкааров А.М., биология илимдеринин кандидаты, доцент; 9. Стамалиев К.Ы., биология илимдеринин кандидаты; 10. Айдаралиев Э.К.доцент; 11. Атабеков У.А., биология илимдеринин кандидаты; 12. Кенешов Б.М., химия илимдеринин кандидаты, доцент.
Булак: NazarNews.kg