www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Жанар Акаев мигранттардын маселесин көтөрүп, алардан Орусиянын жарандыгын алган учурда да Кыргызстандын жарандыгынан баш тартууга мажбур боло турган мыйзамды кайтарып алуу керектигин билдирди.

23-январда Юстиция министрлиги ушул маселени коомдук талкууга чыгарган. Мыйзамды кабыл алынса, башка өлкөнүн жарандыгын алуу үчүн КРнын жарандыгынан баш тартышы керек. 

Акаевдин айтымында эмгек  мигранттары өлкөгө 2018-жылы 2 миллиард 685 миллион доллар акча которгон. 2019- жылдын 1-жарымында 1 миллиард 351 миллион доллар которуп, өлкөнүн ички дүң продукциянын 30 пайызын ээлеген сумма түзүлгөн.

 Мигранттар 214 өлкөнүн ичинде акча которуу боюнча биринчи орунда турат.

Алар жумуш курагындагы адамдар, андыктан, бул мыйзамды тез кайтарып албаса, кесепети оор болоорун айтты.

Акаев өкмөт өз үйүндө жумуш ордун түзүп бере албагандан кийин алардын иштешине тоскоолдук жаратпашы керек. 

2017-жылы  553 198 киши Орусиянын жарандыгын алган, акыркы 2 жылда 18 164 киши Орусиянын жарандыгына өткөндүгүн маалымдап, алардан кыргыз паспортун алуу мигранттарды жээригенге тете болоорун айтып өттү.

 Азырынча мигранттар кыргыз паспортун сактап жүрүшөт, паспортту колдонуу толук мыйзамдуу.

Депутат мигранттардын баары кайтып келе тургандыгын, үлүш жер  же үй ала турган болсо, маселе жараларын айтып, бул мыйзамды кайтарып алууга кесиптештерин чакырды.

Эскерте кетсек, башка мамлекеттин жарандыгын алган кишилер кыргыз паспортунан баш тартышы керектиги тууралуу мыйзам коомдук талкууга коюлган жана кабыл алына элек.

БулакNazarNews.kg

Последние новости