www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башчысы М.Д.Абылгазиевге

ЧУКУЛ  КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшекеевич,

Биз, өлкөнүн мал даарыгерлери коомдук уюмунун өкүлдөрүнүн Сизге чукул кайрылуубузга түрткү болгон себеп төмөндөгүчө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан акыркы 6 жыл аралыгында өлкөнүн айыл чарба тармагын колдоо, системалаштыруу жана айыл чарба секторунун экспорттук дараметин көтөрүү максатында “Айыл чарбасын каржылоо” мамлекеттик программасы ишке ашырылып келүүдө. Бул программанын жардамы аркылуу айыл жериндеги дыйкан, фермерлер чыныгы мамлекеттик колдоону сезишип, турмуш шарттарынын жылдан жылга оңолуп бараткандыгы талашсыз жана аталган программанын жыл сайын каржылык портфелинин көбөйүп жатышы да бизди кубандырат.

Аталган программанын алкагында айыл чарбасынын талаачылык, мал чарбасы жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү багытында жеткиликтүү жеңилдетилген мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп келүүдө.

Биз алган маалыматка ылайык, быйыл кабыл алынуучу “Айыл чарбасын каржылоо 7” мамлекеттик программасынын алкагында багбанчылык, күнөсканаларды куруу жана токой чарбасы тармагына да колдоолор каралган, бул абдан жакшы, колдоого татырлык демилге.

Урматтуу Премьер-министр, өлкөнүн жеке ветеринардык врачтары да учурда бул багытта мамлекеттик колдоого муктажбыз.

Бизкесиптик милдетибизди, фермерлерге жогорку деңгээлдеги кесиптик кызмат көрсөтүү, өлкөдө эпизоотиялык бакубаттуулукту, тамак-аш коопсуздугун камсыздоо аркылуу мал чарба тармагынын экспорттук потенциалын жогорулатууга жооптуу деп билебизжана ага жооптуу экендигибизди сезебиз.

Өз учурунда, жогорку деңгээлдеги кызмат көрсөтүү көбүн эсе заманбап кесиптик материалдык базадан да көз каранды экендиги талашсыз.

Акыркы эки жыл аралыгында биз, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлиги аркылуу жеке ветеринардык врачтарды да бул Программага киргизүү аракетин көрүп келүүдөбүз.

Былтыр сентябрь, октябрь айларында “Айыл чарбасын каржылоо 7” мамлекеттик программасынын долбоорун даярдоо жана талкуулоо иш чарасына катышып, Айыл чарба министрлиги тарабынан колдоого ээ болгон сунуштарыбыз эмнегедир Экономика министрлиги тарабынан четке кагылып, Сизге сунушталган акыркы вариантына кирбей калгандыгы биз үчүн түшүнүксүз жана өтө өкүнүчтүү.

Өлкөдө мал чарбасынын өнүгүүсү, тамак-аш коопсуздугу жеке ветеринардык кызматтын абалынан түздөн-түз көз каранды эмеспи, ушул Программанын алкагында мал чарба тармагын өнүктүрүү максатында берилип жаткан жеткиликтүү жеңилдетилген каражаттардын кайтарымдуулук кепилдиги да жеке ветеринардык адистердин кесиптик иш аракетине байланыштуу экендиги талашсыз. Жеке ветеринардык практика аз да болсо бюджеттик толуктоолорду алып келээрин да эске алышыбыз керек.

Мамлекеттик программа тарабынан жеке ветеринардык врачтарга жеткиликтүү жеңилдетилген кредиттик жардам көрсөтүү жагы каралса, өлкөдө ветеринардык инфраструктуранын өнүгүүсүн, ветеринардык врачтардын заманбап кесиптик шайман, жабдыктар менен камсыз болуусун шарттоого мамлекеттик чоң колдоо болмок.

Өткөн жуманын аягында өкмөт жыйынында, Атамекендик тамак-аш азыктары, өлкөгө чет элдик туристтерди тартууда бренд катары таанылышы керектиги тууралуу айткан оюңузга толук кошулабыз жана колдойбуз. Ошол эле учурдабиздин өтүнүчүбүз сиз койгон маселенин чечүүдөгү негизги факторлордун бири экендигине ишенебиз.

Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшекеевич,

Сизден өтүнүч, жеке ветеринардык врачтардын 2 жылдык күтүүлөрүн эске алып, аталган Программагакошумча толуктоолорду киргизүү менен, жеке ветеринардык адистер үчүн “Айыл чарбасын каржылоо 7” мамлекеттик программасынын алкагында 36 айга 8 пайыз өлчөмүндө жеткиликтүү жеңилдетилген кредиттерди алуу мүмкүнчүлүгүн чечип берүүңүздү суранабыз.

Сизди урматтоо жана Сизге карата чоң ишеним менен,

Республикалык мал дарыгерлер
коомдук бирикмесинин жетекчиси                                                      С.Алиев.

Ош облустук өкүлү                                                                                 К. Келдибеков.

Баткен облустук өкүлү                                                                           А. Халмурзаев.

Жалал-Абад облустук өкүлү                                                     А. Эламанов.         

Ысык-Көл облустук өкүлү                                                                    М. Самсалиев.

Талас облустук өкүлү                                                                             Т. Асанов.    

Биздин дарек: Бишкек шаары, Арча-Бешик конушу, Ак-Туз көчөсү 39         

Байланыш телефон 0700 002714, 0777 664084   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости