www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өз түндүгүбүздү көтөргөндөн бери чейрек кылым өтсө да кыргыз тилин келекелеген маңкурттардан арылбай койдук го. Ката жазуу жагынан жогорку эшелондогу бийлик «үлгү» болгону аз келгенсип, элдин жонунан кайыш тилип жаткан жеке менчик «Финанс Кредит Банк» тармагы кезектеги ката жарнамасын жол боюна чаптады. Ал жарнамада: «Тегеректе жарнама ушунчалык көп, келгилечи андан көрүү бул сүрөттөн ырыхыт алалы» деп жазыптыр. Бир сүйлөмдөн үч ката кетириптир. Булар кыргыз тилин неге мынча келекелейт, ыя? Бул жалпы элди шылдыңдоого барабар эмеспи? Качанга чейин чыдайбыз? Кыргыз элинин арты менен капчыгын кеңейтип, ишин жүргүзүп жаткан банктар эне тилибизди мынча кордойт. Өкмөт мындай маңкургтарга качан чара көрөт?
Булак: Де-Факто