www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бул жагы «Жүзүңдү аччы Гүлчөтай» эле болуп калды. Оо узак убакыттан бери карай жаркылдап-жайнап, сыртынан билдирбей жүргөн Роза Отунбаева Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейиндеги феминисттердин аркасы менен чыныгы жүзүн ачып алды. Көрсө, Роза апчебиз үчүн айымдардын энеден туума жылаңачтануусу искусство экен. Карыган кезде калжаңдайт деген ушул эмеспи?

Анык эле анекдоттогудай болуп атат да. Бир кемпир кино көрүп отурат экен. Кинодо бир кыз дырдай жылаңачтанып алып, үйүнүн ичинде ары-бери басып жүрөт. Жигит болсо шилекейи куюлуп, «Махабат көйнөгүңүз укмуш экен» деп комплимент айтат. Кинонун таасири менен баягы кемпир дагы дырдай чечинип алып, чалы келгенде тосуп чыгат. Анда чалы: «Ой кемпир, сага жин тийгенби? Эмне жылаңачтанып алгансың?» дейт. Анда кемпир: «Бул деген махабат көйнөгү, сен аны түшүнбөй жатасыңбы?» деп кылыктангысы келет. Ошондо чалы минтет дейт: «Жок дегенде махабат көйнөгүңдү бир үтүктөп алсаң болмок экен» деп. Анын сыңары Роза Отунбаева да карыган кезинде жылаңачтанууну искусство деп атканына жол болсун.

Анан дагы белгилей кете турган жагдай, ошол музейде жылаңачтанган кызды Роза Отунбаева менен Ширин Айтматова атайын Даниядан жалдап келишиптир. Көрсө. Ал даниялык артист жана бийчи Джули Савери деген айым экен. Балким, даниялыктар үчүн бул өөн көрүнүш эместир, бирок кыргыз эли үчүн бул чектен чыккан жапайычылык, абийирсиздик болуп саналат. Ошондой жосунсуз жоруктарды колдоп, алтургай уюштуруу иштерине да катышып жаткан Отунбаеванын эми «экс-президент» деген статусту алып жүрүүгө укугу жок.

Анан дагы «Азаттык» радиосу ушундай элибиздин каада-салтына каршы иштеп аткандардын кайдан каржыланып жатканын, кимдердин заказын аткарып жатышканын бир иликтеп көрүшпөйбү деген сунуш бар",-деп "Апрель" телеканалы Facebook баракчасына жазып чыкты.

Последние новости