www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жумада Каракол шаарынын К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драмалык театрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жана Ысык-Көл облусунун ИИБнин демилгеси менен «Жаштар экстремизмге жана терроризмге каршы» аттуу Форум өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы  Д.Суюнов, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Ө.Тамаев, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлү М.Ногойбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Эсен уулу У., Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү Сайпиев Билал ажы, Ысык-Көл облусунун тургундары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Форумда Жаштар арасындагы диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу, мамлекттик органдардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана коомдук бирикмелердин диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуудагы кызматташтыгы жөнүндө маселелер каралып, катышуучулар тарабынан кызуу талкууга алынды.

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлү М. Ногойбаев “Мамлекеттин диний чөйрөдөгү саясаты”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы Д. Суюнов “Кыргыз Республикасында элдин биримдигин чыңдоо жана этностор аралык мамилелерди жөнгө салуу боюнча мамлекеттик саясат”,  Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Ө. Тамаев “Абийир жана дин тутуу эркиндигине укуктарды жүзөгө ашыруу”, Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү Сайпиев Билал ажы “Ислам экстремизм жана терроризмге каршы”, ЖМКнын  өкүлү К. Мамыркулова “Массалык маалымат каражаттарынын (ММК) диний экстремизмдин алдын алуудагы көйгөйлөрүн коомчулукка жеткирүүдөгү ролу”, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЭММКАКнын ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери, милициянын лейтенанты М. Карабаев “Кыргызстандын аймагындагы ишмердигине тыюу салынган уюмдардын идеологиясы жана алардын коомчулукка тийгизген кесепеттери”, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенти К.Жаныбеков “Жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында диний экстремизм багытындагы көйгөйлүү маселелер”, Ысык-Көл облусунун жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт комитетинин башкы адиси  Э. Шаршеева “Экстремизмди жайылтууда жаштар негизги курал болууда” аттуу темаларда баяндама жасашты.

Форумдун катышуучулары күн тартибинде коюлган маселелер боюнча чыгып сүйлөшүп, аталган иш-чаранын  өз учурунда өткөрүлүп жаткандыгын белгилешти жана аны колдошоорун билдирип өтүштү. Ошону менен бирге эле ушундай иш-чаралардын жер-жерлерде көбүрөөк жана биргеликте өткөрүлүшүн сунуш кылышты.

Андан соң, форумдун катышуучулары үчүн К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин  окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты Кыял Асаналиева жетектеген “Жалын” элдик театрынын жамааты тарабынан бдиний экстремизмге каршы күрөшүү тууралуу театралдаштырылган пьеса коюлуп, көрүүчүлөр тарабынан өтө жылуу кабыл алынды.

Ал эми, төкмө акын Кийизбаев Э.Я. жаштарга кайрылып, алардын келечектин ээлери экендигин ооз эки ырында айтып, Ата-Мекенди сүйүүгө, өз элинин патриоту болууга үндөө менен кылмыштуулукка, анын ичинде диний экстремисттик, террористтик уюмдарга, алардын башчыларына биргелешип каршы турууга үндөдү.

Форумдун жыйынтыгында Резолюция кабыл алынып, анда диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүдө, алардын алдын алууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ысык-Көл облусунун ИИБнин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, Ысык-Көл облустук казыятынын жана райондук имам-хатибдеринин милдеттери белгиленди.

Мындан сырткары, Форумда Ысык-Көл облусунун айрым тургундарынын, облустук ИИБнин кызматкерлеринин диний экстремизмге каршы күрөшүүдөгү жана алардын алдын алуудагы кошкон салымдары көрсөтүлүп, аларга Ысык-Көл облусунун ИИБнин начальниги,  милициянын полковниги У.Асанбаев Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Экстремизмге каршы аракеттенүүдө сиңирген эмгеги үчүн”, “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалдарын, Ардак грамоталарын жана Алкыштарын тапшырды.  

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости