www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Алтын топтун" ээси ким болду?

"Барселона" клубунун жана Аргентина курама командасынын оюнчусу Лионель Месси 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча "Алтын топтун" ээси болду. Бул тууралуу  чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Париж шаарында “Алтын топту” тапшыруу аземи   2-декабрда болуп  өткөн.  
Лионель Месси үчүн бул сыйлык алтынчы болуп, дүйнөдө жок рекордду койду. Ал "Алтын топ" сыйлыгын буга чейин 2009, 2010, 2011, 2012 жана 2015-жылдары алган. Аталган сыйлык боюнча Месси "Ювентустун" чабуулчусу Криштиану Роналдуну артта калтырып, биринчи орунга чыкты. Ал эми, Роналду учурда 5 "Алтын топтун " ээси. 

Эске салсак, Месси 2019-жылы "Барселонанын" катарында  Испаниянын биринчилигин, Аргентинанын курамында Американын кубогун жеңген. Ошондой эле 32 жаштагы оюнчу FIFA уюмунун версиясы боюнча мыкты оюнчу аталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости