www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан бет каптарды сыртка ташууга тыюу салды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда бүгүн, 31-январда вице-премьер Алтынай Өмүрбекова коронавирус өлкөгө жайылып кетишин алдын алуу боюнча жыйын өткөрүп, анда бет каптардан алып-сатарлар пайда көрүп жаткандыгы тууралуу маселе көтөргөн.
Анда, алып сатарларга карата чара көрүүгө тапшырма берип, бет каптын баасы жогорулабашы керектигин билдирген. Себеби, дарыканаларда бир колдоно турчу бет каптар, вируска каршы препараттар жана дезинфекциялык каражаттар жетиштүү.
Мындан тышкары, бет капты Казакстан, Кытай жана Россия экспортко убактылуу тыюу салганы белгилүү болду. Өлкө бул мамлекеттерден бет кап алдырчу. Буга байланыштуу Кыргызстан дагы бет каптардын сыртка ташылышына тыюу салат.
Бирок, Саламаттык сактоо министрлиги жакынкы убакта коргоочу каражаттарды Түркия, Корея жана Индиядан импорт кылууну пландап жатат.
Булак: NazarNews.kg