www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада кыргыздар Фейсбук социалдык тармагынан бири-бирине сын айтышууда.

Алардын бири төмөндө толугу менен:

“Ары жок муун! Бир намысы жок, жеңил ойлуу, оолукма жаштардын мууну болдук го. РФга келген мигранттардын арасында, ары жок, оолукма жагынан алдыга ат салдырбай келе жатабыз. Кремлге барып калсаң 50% кыргыз мигрант жаштары. Маданият, өзүн культурно алып жүрүү жагынан айтпасак да, көрүп жүрөсүңөр. Мейли кафеге барсын, эс алсын, көчөгө чыксын, култьпоход кылсын анын эч уяты жок. Бирок, биздин ары жок жаштарыбызды карап туруп зээниң кейит. Топтолуп алышып КРнын желегин көтөрүп алышып, ызы чуу, тим эле Москваны басып алгандай, айгайлашып айкырык салып алышат. Машинелердин айнегинен белинен чыгып, желекти желбиретишип, жинди суунун күчү менен кылбаган кылыктары калбады. Кафеге барып калсаң душмандар да алардай бирин-бири кордобойт, беш алтоосу бирөөсүн тепкилеп жаткан, кыздарды кордоп жаткан. Өздөрүнчө эле блотнойлор толуп алышкан. Такси тармагына карасаң каңкаясың. Башына кара кепкесин басып алган, живачкиден оозуна алтоону салып алган, сүйлөгөнү бой без правил, ММА. Көрбөгөндүн көргөнү курусун деген ушулбу, айтор акыркы мезгилде өтө эле ары жок болуп калдык. Иштеген жери көчө шыпыргыч, дворник үстүнө Кыргызстан деген фудболканы кийп алган, анысы аз келгенсип туунун сүрөтүн түшүрүп алышкан. Оозунда насывай, колунда шыпыргы. Ачасы жок велосипедти минип, жезкемпирдин шыпыргысын аласына тыгып алышат. Көргөн орустар “баба яга едет”- деп күлүшөт. Деги күйбөгөн жериң күл болуп, заманаң куруп кетет. Билем, жакшы жашоодон келген жерибиз жок. Жокчулуктун айынан жүрөбүз. Бирок өз ара тартип, түшүнүк деген болуш керек го. Өзүн патриот сезип, ишкерлерди тоноп жүргөн бандит соройлорубуз андай жагдайларды көргүсү да келбейт. Айта берсен арман көп, негизи чындыкты жаздым. Анча мынча туура эмес жазган болсом алдын ала кечирим сурайм. Адам бололучу бир туугандарым!!! Аза”, деп Мовкадагы кыргыз жараны кейип жатканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости