www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Global Financial журналы Кыргызстанды коопсуз өлкөлөрдүн катарына жайгаштырды.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Global Financial журналы коопсуздук боюнча акыркы рейтингин жарыялады.

Маалыматка ылайык, аталган журнал акыркы рейтингинде Борбор Азиянын үч өлкөсүн 2019-жылдагы дүйнөнүн коопсуз өлкөлөрүнүн тизмесине кошкон. Ошентип, Казакстан тизмеде 44-орунда, Тажикстан 68-орунда жана Кыргызстан 89-орунда жайгашкан.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан менен Түркмөнстан тизмеге киргизилген эмес.

Ал эми тизмеге кирген үч өлкө коопсуздук боюнча көптөгөн өлкөлөрдөн анын ичинде Орусиядан дагы өйдө жайгашкан.

Рейтинг өлкөлөрдөгү куралдуу чыр-чатактар, жарандардын коопсуздугуна туулган коркунучтар, экономикалык өнүгүгүш жана табигый кырсыктарды эске алуу менен түзүлгөн.

Тизменин башында эң коопсуз өлкөлөр Исландия, Швейцария жана Финляндия жайгашакан. Ал эми Орусия 108-орунга жайгаштырылган.

Пакистан, Нигерия, Альвадор, Гватемала, Йемен жана Филиппин дүйнөдөгү кооптуу өлкөлөр деп табылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости