www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш 6-январда кезексиз жыйын өткөрүүнү пландоодо. Эл өкүлдөрү коңшу Казакстандагы кырдаалды талкуулашат.

Буга чейин Армениянын премьер-министри, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы Казакстанга ЖККУнун аскерлерин жөнөтүү чечимин кабыл алганын социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн чет өлкөдө колдонуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу керек.

Конституциянын 11-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жиберүүнүн ар бир учуру боюнча уруксат Жогорку Кеңеш тарабынан депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Ошондо ЖККУнун чечимин кеминде 60 депутат колдошу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости