www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Мамлекеттик Думасы КМШ мамлекеттеринин айдоочулук күбөлүктөрүн тааныбай турган мыйзам долбоорун даярдап жатат. Ал долбоор келерки аптада депутаттардын кароосуна киргизе турганын орус басылмалары жазып чыгышты.

Орусияга таандык эмес айдоочулук күбөлүк менен эми такси кызматын көрсөткөндөргө тыюу салынат. Мыйзам долбоорунун авторлору бул кадамын жарандардын коопсуздугун алдын алуу катары жүйөө келтиришүүдө. Ага ылайык, орусиялык айдоочулук күбөлүктү алган чет өлкөлүк айдоочу жергиликтүү органдардын баардык талабын аткарганына кепилдик берет.

Мындан сырткары, аталган документте жүргүнчүнүн өмүрү жана ден соолугун милдеттүү камсыздандыруу жагы дагы каралууда. Жалпысынан бул мыйзам долбоордо жүргүнчү менен айдоочунун коопсуздугу жогорулатылат.

Эгерде бул мыйзамы колдоо таап калса, Орусиянын аймагында айдоочу болуп иштеп жүргөн жарандарыбызга эле кыйын болот.

Эске сала кетсек, 2017-жылы Кыргызстандан берилген айдоочулук күбөлүктү таануу боюнча орус депутаттары чыгарган демилгени Орусия президенти Владимир Путин колдогон болучу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости