www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рустам Жапаров Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматтык технологиялар департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин сайтында маалымдалат. Белгиленгендей, Рустам Джапаров Рязандагы Аскердик-десанттык күчтөр институтун жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган.

Коргоо министрлигинде жана УКМКда ар кандай кызматтарда иштеген. Ал киберкоопсуздукту координациялоочу борбор түзүлгөндөн бери директордун орун басары болуп иштеп келген.

«Кыргызстанда маалымат системасын жана кибер коопсуздукту камсыз кылууга багытталган бир катар долбоорлорду ишке ашырган. Рустам Джапаров Кыргызстанда кибер коркунучтарга мониторинг жүргүзүү боюнча улуттук системасынын биринчи жана экинчи баскычтарын ишке киргизүүгө катышкан», - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости