www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 55 200 дозасы алып келинди

Польша мамлекетинен Кыргызстанга 55 200 доза AstraZeneca вакцинасы алып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Жүктү "Манас" эл аралык аэропортунан саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Польшанын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Томаш Коллат жана Европа биримдигинин элчиси Эдуард Ауэр тосуп алды.

Көрсөткөн жардамы үчүн Польша өкмөтүнө Бектурганов ыраазычылык билдирип, жакынкы күндөрү вакцина эмдөө пункттарына таратылаарын айтты. Министрдин орун басары берген маалыматка караганда, ушул тапта Кыргызстан калкынын 39 пайызы вакцинанын биринчи дозасын, 29 пайызы экинчи да дозасын алды.

Вакцина Кыргызстанга Европа биримдигинин COVID-19га каршы жарандык коргоо механизминин алкагында жеткирилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости