www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин болжошкон. Окумуштуулардын айтуусунда вирус адамдарга жаныбарлар аркылуу жуккан.

Адистер коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби  эки жумага созулушу мүмкүн экендигин Кытай саламаттык сактоо комитетинин башчысы Ма Сяовэй маалымдады.

Анын айтымында, жаңы ооруу пайда болгондо вирустар эки жумага чейин байкалбашы ыктымал. 
Бул оорунун дарысы табыла электигине байланыштуу оорудан өлгөн адамдардын саны өсүүдө. Американын окумуштуулары вируска каршы вакцина иштеп чыгууну көздөөдө. Бирок биринчи вакциналар баары туура болсо бир айдын ичинде чыгат же болбосо 2020-жылдын аягында чыгышы мүмкүн.

26-январга карата дүйнө жүзүндө 2 миңден ашуун киши бул вирусту жуктуруп алышкандыгы айтылса, расмий эмес мааламаттарда 90 миңден ашуун киши жуктургандыгы маалымдалды, 
Ушул тапта вирус Гонконг, Макао, Тайвань, АКШ, Япония, Түштүк Корея, Таиланд, Испания, Индия өлкөлөрүндө да катталган. Ошондой эле Улуу Британияда тогуз киши коронавирус жуктуруп алышы мүмкүн деп текшерүүдөн өтүүдө.

Медиктер колду тез-тез жууп, маска кийип жүрүүнү сунушташат. Ошондой эле эл көп топтолгон жерден алыс болуу керектигин белгилешүүдө.

Кытайда пайда болгон коркунучтуу вируска байланыштуу адамдарга төмөнкү чараларды сунуштайт.

- колду самындап же спирт кошулган каражат менен жууп жүрүш керек;

- ооз жана мурунду жаап жөтөлүп, чүчкүрүү керек

- грипп же жугуштуу оору менен ооруган кишиге өтө жакындабоо зарыл;

- эт жана жумуртканы дыкат тазалоо керек;

- жапайы жаныбарларды, канаттууларды кармабоо керек;

- дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп жана дем алуу кыйындаса дароо ооруканага кайрылуу керек. 

Эске салсак, коронавирус өзүнө отуздан ашык вирусту камтыйт. Алгач ирет 1965-жылы пайда болгону байкалган. Адамдардын, үй жаныбарларынын, куш, чочко, ири мүйүздүү малдын саламаттыгын жабыркатат. Оорудан дем алуу органдары, ичеги-карын, нерв системасы зыян тартат.


Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости