www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-декабрдан тарта Кытайда мобилдик кызматтарга кошулуу үчүн сөзсүз жүзүн сканерден өткөрүү эрежеси киргизилди. Бийлик кибермейкиндикте жарандардын кызыкчылыгын жана мыйзамдуу укугун коргоо үчүн ушундай чарага барып жатканын айтууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Кытай бийлиги көп жылдан бери интернетти анонимдүү колдонгондорго каршы күрөшүп келе жатат. Мурда мобилдик телефонго сим-карта алуу үчүн өздүгүн тастыктаган документ жана сүрөт талап кылынчу. Эми сүрөт менен жүздүн сканерден өткөн вариантын салыштырып, колдонуучунун өздүгүн так аныкташат. Ошондо колдонуучулар интернеттеги коомдук сайттарга дагы өзүнүн ысымы менен катталат.

Расмий маалыматтардын билдирүүсүндө, 2017-жылы интернетке кандайдыр бир контентти жайгаштырар алдында колдонуучунун өздүгүн текшерүүнү милдеттендирген мыйзам кабыл алынган. Жаңы эрежелер бул сисмтеманы күчөтүүгө багытталган.

Кытайдагы интернет колдонуучулар жүз миллиондоп саналат. Алардын дээрлик көпчүлүгү интернетке мобилдик телефон аркылуу кирет. Өкмөт кишилерди жүзүнөн таанууга мүмкүнчүлүк берген түрдүү технологияларды, видео байкоолорду кеңири колдонуп келүүдө.  Коомчулукта муну туура түшүнүп технологиядагы өнүгүү катары кабыл алгандар дагы көп. Аталга өлкөнүн бийлиги көп жылдан бери интернетти көзөмөлдөп келет. Анда жактырылбаган маалыматтар дароо өчүрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости