www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайда спортчуларынан ийгиликке жетүүнү талап кылуу кысымы абдан катуу болууда. Алтын байгеден башкасын алган спортчуларды интернетте жаалданган айрым жарандар мекенчил эмес деп айыптоодо.
Кытайдын стол теннисин аралаш жуп менен ойногон тобу өткөн аптада Токио Олимпиадасында күмүш медал утканы үчүн ыйлап кечирим сурады.
“Мен өз тобумду артка тарттым окшойт... Баарыңардан кечирим сурайм”, — деди көзүнөн жаш агызып кечирим сураган Лу Шивен.
“Бүт өлкө ушул финалдык оюнду чыдамсыздык менен күтүп жаткан. Кытай командасы толугу менен биздин натыйжаны кабыл албайт деп ойлойм”, — деп кошумчалады Лунун шериги Шу Шин.
Алар финалда Жапонияга каршы ойношуп, жеңилип калганы интернетте көпчүлүктү жинденткен. Анткени, кытайлар спорттун бул түрү боюнча көбүн учур үстөмдүк кылып келишет.
Weibo (Вейбо) платформасындагы айрым “жазмакер жоокерлер” бул жупту айыптап, алар “өлкөнүн ишеничин актаган жок” деп жазып чыгышкан.
Башкалар болсо калыстар жапониялык Зун Мизутани менен Мима Итого тартып койду деген негизсиз ой-пикирлерди айтышкан.
Булак: NazarNews.kg