www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баарыбызга белгилүү болгондой, Тогуз-Торо районундагы кенге байланыштуу чыр-чатактын аягы алтын кени менен иштеген компаниянын имаратын өрттөөгө чейин жеткен. 

Жыйынтыгында калк арасында түшүндүрүү иштери начар жүрүп, жергиликтүү калк менен тыгыз иштешпей, ызы-чуу тууралуу жергиликтүү калк кабар берсе дагы, тийешелүү органдарга убагында маалымат бербегендиги үчүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Акыл Мамасейитов кызматынан тебилген эле. 

Эл арасында айтылган маалыматтарга таяна турган болсок, 2017-18-жылдары Акыл Мамасейитов  Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси кызматын аркалап турганда 90 бөлмөлүү көп кабаттуу үй салынган. Ал берилген батирлер боюнча бүгүнкү күнгө чейин ызы-чуусу бүтпөй, чырдан ыйга айланып келе жаткандыгы айтылып, 90 батирден кызматкерлерге берилген 14 батирдин документтери, ушул учурда жасалма, жыйынтыгында юридикалык баа берилиш үчүн областтык прокуротурага өткөрүлүп берилген. 

Жакында эле ИИМ министри Кашкар Жунушалиев айтмакчы, “айлык акысы 8-12 миң сомдук” Мамасейитов бай көпөстөрдүн бири болуп калган. Анткени өзүнө тийиштүү килтейген фирма, баасы -10$ жана -100 $ АКШ долларын чапчыган жылтыраган жылкылары бар экени эл арасында айтылып жүрөт. 

А баса, так ушул кызматынан бир эмес бир нече жолу сөгүү жеген, иштеген жеринен агарып-көгөрө бербеген Мамасейитов жакынкы аралыкта “ИИМдин Башкы кылмыш иликтөө кызматына орун басарлыкка дайындалганы жатат” деген сөздөр өздүк курамдын арасында аңыз кеп болуп, талкууга алынып жатканын уктук. Мамасейитовдун кайра кызматка келишине жетекчилик кантип карайт, себеби криминалдык милициянын жетекчиси Нурбек Абдиев, анын дагы бир орун басары Мыктыбек Болушев аттуу азаматтар үчөө тең бир аймактан экендигин уккан өздүк курам таң калып турган чагы.  

Көрсө, акча маселесине келгенде, регионалдык, территориалдык сөздөр тапанчанын астында кала берет тура. ИИМде гана эмес, Ак үй тарапта “ИИМ Кашкар Жунушалиев кимдир бирөөнү кызматка коёрдо, жогорку жактан буйрук берди” деген шылтоолорду айтып жүрөт. Бирок, мындай тымызын кадрдык жүрүш министр Жунушалиевдин аброюна гана эмес, азыркы бийликтин кадырына доо кетирип жаткандыгы айдан-ачык.

Анткени, кызматында алгылыктуу кызмат кылбаган, өзүнүн жеке бизнесине жана чоңдоруна таянган, кайсыл жерде иштебесин артында ызы-чуу менен “интригага” бай, Акыл Мамасеитовдун өкүл атасы Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров болсо, ал так ушул таптарда, Алиярбек Абжалиев менен намазга чогу барып, ал кишинин колун кыса кармап, жанынан карыш кылбай жүргөндүгү Ак үй тарапта айтылууда. 

Бул эл арасындагы маалыматтар тууралуу Акыл Мамасейитов үн чыгарабы же жокпу күтө туралы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости