www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лейлек районунда чек арага жакын айылда чыккан чырдан кыргызстандык эки жаран жабыркады.
Бул тууралуу Лейлек районунун администрациясынын аппарат жетекчиси Эрмек Бахавадинов билдирди. Анын айтымында, чек арага жакын Борбордук айылынын тургуну чарбагына тосмо куруп жаткан учурда отуздай тажик жараны таш ыргыткан. Окуяны жөнгө салыш үчүн барган милиция кызматкерине таш тийип, ооруканага жеткирилди. Андан башка дагы бир кыргыз жараны жараат алган. Бахавадинов курулуш иши чек арадан 100 метр ичкери, Кыргызстандын аймагында жүрүп жатканын кошумчалады. Учурда окуя болгон жерди эки тараптуу биргелешкен патруль көзөмөлдөп турат.
Бүгүн 25-августта кыргыз жана тажик чегиндеги райондордун акимдери жолугары кабарланды.Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай жана Ворух айылдарынын тургундары ушул жылдын 22-июлунда чырдаша кеткен.
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы чыр тажик жарандары такталбаган жерге желек орнотууга аракет кылганда чыкканын билдирген.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»