www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лилипут эркек төрөдү

33 жаштагы Ви Ксиан Лан Кытайдын Наньнин аймагында жашайт. Кичине чагында башкалардан эч айырмасы жок, чоңоюп келаткан, бирок 4кө чыккандан тартып өсүүсү дээрлик токтоп калган.

Атүгүл 17ге чыкканда дагы бою араң 93 см, салмагы 28 кг гана болгон. Сейрек кездешүүчү гипофиз оорусунун айынан Лан эч жерде иштебегендиктен аны адегенде ата-энеси багып келди. Кийин алардын көзү өткөндөн кийин эжесин багуу милдетин иниси колго алган болчу. Бойго жеткен Лан эл катары турмушка чыгып, үй-бүлөлүү болууну кыялдануудан эч тажачу эмес. "Эргежээл кызды ким алмак эле? Менин кимге керегим бар?" деп ойлоп, далай түндү ый менен өткөзгөнү ырас.

2016-жыл анын тагдырына бурулуш жасады. Күндөрдүн биринде соцтармактан Ли Тан аттуу жигит менен таанышат. Башында экөөнүн ортосунда баары тек гана убакыт өткөзүү үчүн маектешүү болсо, ал бара-бара достук мамилеге өтүп, көп өтпөй алар үйлөнүүнү чечишкен. Танга кыздын эргежээлдиги эч кыжаалат кылган жок, кайра пикирлери бир жерден чыкпаспы. Кокус Лан төрөй турган болсо, баласы да эргежээл тартып каларын адистер эскертишкен болчу. Бирок бир жылдан кийин ал кош бойлуу болуп калганын билген.

Акушер-гинекологдор Ланга дароо боюнан алдыртууну сунушташкан. Албетте, Лан өзү 4 жаштагы баладай болуп турса, анан кантип ичиндеги ымыркайды көтөрө алат эле?! Жаш эненин өмүрү коркунучта болчу. Лан баарына кайыл эле, ал үчүн башкысы балалуу болуу керек. УЗИнин алгачкы сүрөттөрү бойдогу баланын нормалдуу өсүп жатканын ырастап турду. Бул аялга аябай дем берген. Ошентип кош бойлуулуктун 37-жумалыгында курсагынын чоңдугунан Лан басмак тургай, дем ала албай калганда врачтар операция жолу менен төрөтүүнү чечишкен.

Эргежээл аял көз жарарын уккан журналисттер эчак төрөткананын кооросуна батпай кеткен. Көп өтпөй көпчүлүктү цттүргөн ымыркай жарык дүйнөгө келген. Ымыркайдын салмагы 2, 650 кг, ал эми бого 46 см болгон, тагыраак айтканда, бардыгы өз нормасында деген кеп. Адаттан тышкаркы үй-бүлөнүн окуясы Кытай ММКсы менен интернетте резонанс жараткандыктан элдин баары эненин аман-эсен көз жарып алышын тилеген билдирүүлөрүн калтырышкан.

Булак: "Сырдуу Дүйнө"

Последние новости