www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети 4-февралда «Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу пункттарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, кабыл алды.
Мыйзам долбоору менен:
- Аксы районунун Сары-Челек айыл аймагынын, Атантай;
- Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С. Атабеков айыл аймагынын, Кыдырша;
- Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Арык уулу жана Гулистан;
- Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагынын Бер-Булак калктуу пункттарын айыл категориясына киргизүү сунушталууда.
Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Кудайберген Базарбаев айыл категориясына калктын саны 50дөн кем эмес, анын ичинде айыл чарба өндүрүшүндө иштегендер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жалпы калктын жарымынан кем эмес болгон, белгилүү бир деңгээлде жакшыртылган калктуу пункттар киргизилиши мүмкүн экенин билдирди.
Анын айтымында, айрым калктуу пункттарды айыл категориясына киргизүү алардын статусун жогорулатат, алар тиешелүү айыл аймагынын курамында өз алдынча аймактык бирдик болуп калат. Бул жергиликтүү коомчулукка жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча чечүүгө мүмкүнчүлүк берет, алардын демилгесин жана жоопкерчилигин жогорулатат. Калктуу пункттардын тургундары бул айылга катталуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.