www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Кытайдын алдыңкы «Синьхуа» маалымат агенттигине эксклюзивдүү маек куруп, февраль айында Кытайга болчу мамлекеттик сапарынын алкагында Харбин шаарында өтүүчү Кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземине катышаарын айткан.

Маекте мамлекет башчы кыргыз-кытай кызматташтыгынын негизги аспектилерине, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарына жана эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө кеңири токтолгон.

«Өлкөлөрүбүздүн биргелешкен аракеттери рекорддук ийгиликке жеткирди: 2024-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү бажы органдарынын маалыматы боюнча 22,71 миллиард АКШ долларына жеткен», — деген Садыр Жапаров.

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу саясий ишенимдин жогорку деңгээлин ырастап турат. Бул каттам жөн гана транспорттук коридор эмес. Ал Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, Түркияга, Европага жана андан тышкары өлкөлөргө жүктөрдү жеткирүүнү камсыздайт. Бул биздин жүктөрдү Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азияга жеткирүүгө мүмкүндүк берет», — деген өлкө башчы.

Последние новости