www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
24-августта Ысык-Көлдө браконьерликке каршы рейд учурунда суу объекттеринен 3 200 метр синтетикалык тор чыгарылып, жээктерден 70 кг таштанды чогултулуп, атайын жайга чыгарылды.
Рейдди Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы уюштурган.
Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоодо колдонулган эски синтетикалык торлор суу объекттеринен алынган. Ошондой эле көлдүн жээгиндеги айлана-чөйрөгө зыян келтирген таштандылар тазаланган.
Мындай рейддер Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгын аткаруу, суу биоресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө, браконьерликтин алдын алуу жана Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо максатында үзгүлтүксүз өткөрүлөт.