www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео Казакстандагы иш сапары учурунда Кытайдагы уйгурлардын укугун коргоо маселесин козгоду. Ал бардык өлкөлөрдү, анын ичинде Орто Азия мамлекеттери Кытайдагы мусулмандарга каршы репрессиялык саясаттын токтошун талап кылуу керектигин билдирди.

“Биз казак кесиптешибиз менен кытайдагы 1 миллиондон ашуун уйгур, казак мусулман элинин тагдыры тууралуу сөз кылдык. АКШ бардык өлкөлөр Кытайдын репрессиялык саясатына каршы позициясын билдириши зарыл. Куугунтукка алынгандардын инсандык намысы тебеленбеши керек”, - деп билдирди Помпео.

АКШнын Мамлекеттик катчысы андан сырткары Ташкент шаарында С5+1 форматында өтө турган Орто Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости