www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Самара Каримованын эки күн иштетип кызматтан алып салган Азамат Жаманкуловго нааразычылыгын өздүк баракчасынан билдирди.

" Мен ачыгын айтсам Самара Каримованы жакындан тааныбайт экем. Кол берип да көрүшө элекмин. Ар кандай булактардан, социалдык тармактардан  ырдап, чыгармачылыгын тартуулаганын көрүп калбасам..,.

Бирок мен айтар элем, Самаранын Кудай берген талантын талаага таштабай өркүндөтүү үчүн күнү-түнү эмгектенип, мээнетин кетирип , элдин купулуна толгон ырлары, чыгармалары менен элден ыраазычылык алып жатканын, кааласаң каалабасаң да байкалып турат. Кээ бир жаштарга чайнап берсен да жуткулары келбейт. А Самаранын жетишкендиктери өзүнүн гана мээнеткечтиги, аракетчилдиги деп ойлойм. Мен билем, ар бир жетишкендиктин артында чоң талыкпаган эмгек турат. 

Самаранын музыкалык окуу жайга жетекчиликке шайлануусун мен туура көрдүм эле. Себеби эмгекчил адам иш тажрыйбасы болбосо деле, ар кандай тармакта жыйынтык көрсөтө алат. Азамат Жаманкулов министр мырза кайра Самараны 3-4 күндөн кийин кызматтан алып салганы адамгерчиликке деле жатпай калды. Кайрадан Самара Каримованы аталган окуу жайга дайындашы керек деп ойлойм. Самара аталган окуу жайда сөзсүз жакшы жакка өзгөртүү жасай алмак"-деп жазды депутат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости