www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Махабат Эргешовна, сиз учурда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетин жетектеп жатасыз. Бирок сизге эл өкүлдөрүнүн да, аппаратта сиздин тармакка жооптуу кызматкерлердин ичтери чыкпай турганы көптөн бери айтылып келет.

Демек, сиз иштин көзүн билбей өзүңүздү да, элди дагы жүдөтүп жатасыз да туурабы? Адистер айрым иш кагаздар боюнча мыйзамга тууралап жазуу керектигин айтышса, сиз "мен айткандан кийин болот, минтип жазып койсо эмне болмок эле" деген өзүм билемдик кылаарыңыз аңыз болууда.

Өзүңүз билбей же билгендин тилин албаганыңыз сиздин кыйындыгыңызды билгизеби, же сабатсыздыгыңызды туюнтабы? Тоок да өзүн канаттуу сезип көкөлөп учкусу келет демекчи, комитеттин ишин эптей албай жатып, "Кыргызстандын тарыхында аялдардан премьер-министр боло элек, мен баарын түшүнүп калдым, министрлер кабинетин башкарат элем" деген дымагыңызды президентке чейин айттырып жатканыңыз ыраспы?

Мындай асманды чапчыган амбиция кайдан чыкты? Тамашабы же акчаң болсо Кыргызстанда баарына жетсе болот дегенди туу тутуп жатасызбы?

Булак: “Фабула”

Последние новости