www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Дастан Артисбекович, сиз Жогорку Кеңештин төрагасы болгондон бери парламенттин кадыры аябай түшүп кеткени боюнча сын-пикирлер арбын айтылып жатканын кулагыңыз чалдыбы? Чалса, эң кур дегенде эмне себептен мындай сөздөр чыгып жатканын анализдеп көрдуңүзбү?

Буга дейре Жогорку Кеңештин дарегине "чимкирик" деген сөз айтылбаса керек, чынбы? Эмне үчүн сиздин учурда айтылды? Парламенттин деңгээлин "чимкирикке" дейре түшүрдүмбү деген сезим менен ой-калчап, намыстандыңызбы?

Мына жакында Кара-Суу районуна тойго барып, дагы сөзгө калдыңыз. Сиз болсо: "Мен барбай коюуга мыйзамдык негиз жок болчу" - деп актанып беттырмарлык кылдыңыз. Сизде мораль деген жашабайбы? Кыргыз уят өлүмдөн катуу дечү эле го?.. Сиз бул жоругуңуз менен эң жогорку мамлекеттик кызматтын кадырын кетирип алдым деп ойлогон жоксузбу? Мамлекеттик маанилүү иш-чарага баргандай жоон топ депутаттарды ээрчитип алып чай ичет элем деп шадыраңдап жүргөнүңүз акчанын, кулкундун кулу экен деген түшүнүктү бербейби? Деги эле өзүңүздү кандай төрагамын деп эсептейсиз? Үн катыңыз...

Булак: “Фабула”

Последние новости