www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Макмал: Арыздар каралат

“Кыргызалтын” ишканасында бүгүн “Макмалалтын” комбинатынын филиалынын базасында биргелешкен ишкана түзүүгө инвесторлордон түшкөн арыздар каралат.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы кенди иштетиш үчүн сынак бир ай мурда жарыяланган. Анын алдында өкмөт тиешелүү жетекчилерге Макмал кениндеги өндүрүштү ишке киргизүүнү тапшырган.

Комбинаттын аймагында кытайлык "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар жыл башынан бери бир нече жолу митинг өткөрүшкөн.

11-апрелдеги нааразылык акциясында ишканага таандык, жаңы курулуп жаткан имарат өрттөлгөн. Окуя боюнча Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин “Ээнбаштык" жана "Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу" беренелери менен кылмыш ишин козгоп, бир нече кишиге айып коюлган. Компаниянын иши августтан бери токтоп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости