www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасындагы "Акжол - автодорожный" көзөмөл-өткөрүү пунктунун реконструкцияланышынын жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттөн малымдашты.
Кыдыруу учурунда белгиленгендей, реконструкциялоо планы боюнча, көзөмөл-өткөрүү пунктунун оңдолушу 2020-жылдын соңуна дейре бүткөрүлүшү тийиш болчу. Бирок коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу оңдоо иштеринин мөөнөтү 2021-жылдын биринчи кварталына чейин узартылган.
Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу белгилегендей, өткөрүү пунктун реконструкциялоо – бул мезгил талабы.
"Көзөмөл-өткөрүү пункту – бул өлкөнүн жүзү. Чек арабызды кесип өтүүчү ар бир адам үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл. Биздин өлкө тууралуу коноктордо жакшы пикир калуусу керек. Буга анын техникалык жактан жабдылышы, эл стандарттарга шайкеш келүүсү, ошондой эле чек ара кызматкерлеринин жарандарга карата жасаган кичипейил мамилеси да кирет. Бекеринен кыргыз элинини меймандостугу даңазаланбайт", - деген Максат Мамытканов.
Андан соң ал белгилегендей, өзгөчө көңүлдү оңдоо иштеринин сапатына буруу керек.
"Көзөмөл-өткөрүү пунктун реконструкциялоонун сапаты бардык эл аралык талаптарга дал келиши зарыл. Бир жыл, же эки жыл өткөн соң кайрадан оңдоо иштерине муктаждык жаралбашы керек. Сапатты көзөмөлдөө жогорку деңгээлде жүргүзүлүшү тийиш",- деп белгиледи ал.
Кыдырып чыгуу жыйынтыгы боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жетекчилигине оңдоо иштеринин бүткөрүлүшүн жеке көзөмөлгө алуусу тапшырылды.
Максат Мамытканов белгилегендей, бир айдан соң ал аталган көзөмөл-өткөрүү пунктуна кайрадан келет.
Эскертсек, «Ак-Жол - автодорожный» өткөрүү пунктун модернизациялоо 2020-жылдын март айында башталган. Модернизациялоо боюнча иштер республикалык бюджеттен каржыланат.
Булак: NazarNews.kg