www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош-Араван жолундагы 5-6 чакырымындагы жолдун бузулуп калганынан жергиликтүү тургундар нааразы. Бул тууралуу интернет колдонуучу Мелис Бекназаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып, видеосун жүктөдү.
--Тиешелүү органдар көңүл буруп, текшерип карап койсоңуздар жакшы болмок, эмнеси болсо да казынадан элдин салыгынан чогулган акчалар асфальтка кошулуп ээрип, урдалып коррупциялык жолдор менен жок болуп жатат.
Сиздер тасмадан көрүп турган Ош-Араван жолу, тактап айтканда Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевге таандык цемент заводдун тушундагы жолдун азыркы абалы ушундай. Былтыр карантин болуп, ар кандай себептерге байланыштуу бул жол жасалбай, каралбай турган. Бирок 4-октябрдагы шайлоого аз күн калганда түнү менен 700 метр жолду басып коюшту. Ошол асфальттын азыркы көрүнүшү бизди өкүндүрөт. Акыбалы начардыгын көрүп тургундарда суроо пайда болду. Бул жолго канча сом каралды? Кимдер тарабынан аткарылды жана кимдер текшерип өткөрүп алды? Буга ким күнөөлү, же Арапбаевдин заводуна келген унаалар күнөөлүбү? Биз тиешелүү кызматтарга, президентке дагы айтаар элек, көзөмөлдөсө, казына түшкөн акчаны ким жеп алганы ачыкталат деп ишенебиз. Же болбосо элдин көйгөйүн чечкен депутат Азамат Арапбаев дагы бул маселени өз жаздымда калтырбайт деген ойдобуз. Жолдун азыркы акыбалынан унаалар айланып өтүүгө аргасыз”, -дейт айылдын тургуну.
Булак: NazarNews.kg