www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Малаховдун кыргыздар тууралуу айтканын сөзүнөн кийин Малаховдун Инстаграм malakhov007 баракчасына терс пикирлер жамгырдай жайнады. Азырынча Андрей Малахов жогорудагы көрүнүшкө эч кандай пикир жазып же кечирим сурай элек.

Баса, Малаховдун Инстаграмдагы баракчасында терс пикирлерден сырткары күлкүлүү шилтемелерди окуганга да болот.

Алсак, m_Iiev интернет колдонуучу: “Кайрат, сен бул жакта болсоң жазып койчу, нан ала келчи кечинде”, деп шилтеме калтырган.

Малахов өзү эки күн мурун баракчасына жарнамалык негизде тасма киргизген, аны 701 542 адам көргөн болсо, 26 700дөн ашуун интернет колдонуучулар шилтеме жазган. Көпчүлүгү Малаховго нараазычылык пикирин билдиришкен.

Эске сала кетсек, кечээ 26-сентябрда Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилиги  Фейсбуктагы Посольство России в Киргизии - Россиянын Кыргызстандагы Элчилиги расмий баракчасында Андрей Малаховдун кыргызстандыктар тууралуу айткан сөзүнө «Теле алып баруучу Андрей Малаховдун сөздөрү боюнча бир гана нерсени айтса болот: адамды таарынтуу оңой, бирок ошол жүк менен жашоо оор. Эгер бүтүндөй элди мазактаган болсоң, андан бетер...», - деп пикирин билдирген.

Ал эми 24-сентябрь күнү Андрей Малахов «Прямой эфир» көрсөтүүсүндө “бул жол кырсыгы кокустук эмес, буюртма киши өлтүрүү болушу мүмкүн”, деп айтып “10 долларлык айлыкка иштеген кыргызстандыктар 100 миң доллар үчүн баардык нерсеге даяр деген таш ыргыткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости