www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргызаэронавигация" ишканасынын башкы директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаевдин жакындары анын өлүмү менен аяктаган жол кырсыгынын күбөлөрүн издеп жатат. Окуя болгон Бишкектеги Токтоналиев жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 4-ноябрда маркумдун жакындарынын бири плакат көтөрүп чыкты.

Анда "21-октябрда саат 20.00до «Лексус» жана «Тойота» машинелери катышкан жол кырсыгынын күбөлөрүн издейбиз" деген өтүнүч жазылган.

Маматназар Жакыпбаев 21-октябрда Бишкекте айдоочулардын жаңжалынан каза болгон. Милициянын маалыматына караганда, анын машинеси дагы бир автоунаа менен кагылышып, айдоочулар уруша кетишкен. Жакыпбаев башы менен жерге катуу тийип, алган жараатынан улам каза тапкан.

Бирок ошол жерде болгон маркумдун жесири эки киши күйөөсүн катуу буюм менен чаап, качып кетүүгө аракеттенгенин айтып берген. Милиция экспертиза дайындалып, иликтөө уланып жатканын, шектүүлөр эки айга камакка алынганын билдирген. Маркумдун жакындары алар жоопкерчиликтен кутулууга далалаттанып жатканын айтып келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости