www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тээ Акаев убагындагы жансакчысы, учурдагы жеке ишкер Эркин Мамбеталиев Баткенде белекке берген эки ок өтпөс жол тандабастар ИИМ менен чек ара кызматынын ортосунда талашка түшүп, элдин башын айлантып бүтүшмөй болду.
Бир ведомство “алам, бир туруп албайм” – десе, экинчи ведомство “алам, бирок айтпайм” – болуп кызыктай эле абалга кептешти. Бир чети “алалы” – деп турушса коомчулук кандай ойдо калат? – деген бүдөмүк санаа сыягы. Себеби, Эркин Мамбеталиевдин биографиясы дагы бир жылмаа эмес. 2010-жылга чейин ал оор кылмыштар менен абакта отурган болчу. Белекке берилип жаткан унаадан баш тарталы дешсе ар бири 62 миң АКШ долларын чапчыган ок өтпөс жол тандабастар болуп турат.
Мындайча айтканда, “ичим тойгону менен көзүм тойбой турат” – дегендей эле болууда кыязы.
Булак: NazarNews.kg