www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

МККнын алдындагы «Унаа» мамлекеттик агенттигинин директору Алымжан Козубаев Коопсуздук кеңешине аны кызматтан алууну сунуштаганы маалым болгон. Буга эмне себеп болгонун билүү үчүн   NazarNews.kg маалымат агенттиги мамлекеттик каттоо кызматына  кайрылганыбызда мекеменин басма сөз кызматы төмөнкүдөй жооп кылды.

Маалыматка таянсак, Алымжан Козубаев айрым бир интервью берүүдөн баш тартып жатат.

“Коопсуздук кеңеши  Өкмөткө тиешелүү сунушту берди. Ошондуктан, бул маселени Өкмөт карап, өз чечимин чыгарат. Коопсуздук кеңештин позициясын биз баалоого (туура же туура эмес деп) туура эмес болот. Азыркы учурда, Өкмөт кандай чечим чыгарат белгисиз”,-деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 30-январда жумушчу топтун отурумунда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 2018-2019-жылдар арасында «Унаанын» кызматкерлерине 100гө жакын кылмыш иши козголгонун билдирген.

Сагынбаевдин айтымында, мамлекеттик мекеменин жетекчилиги документтердин автоматтыштырылган маалымат базасына айдоочулук укуктан ажыратылган айдоочулар жөнүндө маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизген эмес. «Унаа» МИнын ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча пландалган бир катар долбоорлор ошол бойдон кагаз жүзүндө калып, ишке ашырылган эмес.

«Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун тажрыйбасында аткарылбаган иш-чаралардын мындай пайызы (56%) биринчи жолу байкалды»,- дейт Сагынбаев.

Мындан сырткары, Коопсуздук кеңешинин катчысы Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги тарабынан «Унаа» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү начар координацияланып жатканын билдирген.

Мамлекеттик мекеменин системдик коррупцияны жоюу боюнча планды ишке ашырылышын канааттандырарлык эмес деп табылган. Материалдар юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.
 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости