www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооба, азыр карапайым калк мамлекеттик бир дагы кызматкерге ишенбей калганына турмуш өзү күбө.
Учурда биздин өлкө ынытмагы жок, өзүн гана ойлогон, болгон күчтү атасына жүктөп койгон, балдары жаман чыккан үй-бүлөөнүн кейпин кийип турган кези. Минтип айтканыбыздын себеби бар. Анткени мамлекет учурда бир гана перзидентке гана керектей сезилет. Губернатор, аким, министрелердин жүздөрүнөн “ичип-жеп, пайда көрө калсам” деген гана нерсени көрүүгө болот болуп калды. Ошол себептен эл мамлеккеттик кызматкерлерге ишеним артпай калганы да чын. Сөз супсак болбос үчүн бир мисалга токтолсок:
-Кечээ президент Сооронбай Шарипович түштүккө иш сапары менен барганда Сузак районунан эле канча карапайым калк ажонун өзүнө жолугууну эңсеп, арыз арманын айтуу үчүн кечке кесерип күтүп турушканы, бул эми элдин ишеними бир гана президент Жээнбековдо калгандан белги берет.
Ооба, жалаң акчанын илдетине кабылган билермандар байлыкты ойлоп жүрүшүп, элдин ишениминен кетип калгандары кандай (жалко). Андан дагы менчик теле каналдардын журналистеринин сурамжуулоосунда дагы мамлекеттик кызматкерлерге эмес, элдин көбү ажого гана ишенээрин айтышты. Ошол себептен, ажо өзүмчүл балдарына ишенбей бир үйдүн жүгүн көтөргөн атанын элесин берет.
Бердикожо Бийназаров
Булак: NazarNews.kg