www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 28-декабрда коомдук талкууга чыгарылды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — депутат Мейкинбек Абдалиев.

Автордун айтымында, мыйзамга мындай өзгөртүү киргизүүнүн максаты — жарандарда Кыргызстандын мамлекеттик символикасына болгон сый мамилени калыптандыруу жана мамлекеттик символикаларды мыйзамда белгиленген тартипте туура колдонуу.

«Акыркы убакта мамлекеттик символдордун сүрөттөрүн кийимдердин ар кандай бөлүктөрүнө, анын ичинде ич кийимдерге жана байпактарга түшүрүү фактылары катталып жатат. Бул мамлекеттик символдорду сыйлабастык. Мындан тышкары жеке жана юридикалык жактардын мамлекеттик органдарга таандык эмес визиттик карточкаларына мамлекеттик символдордун сүрөттөрүн жайгаштырышып, башаламандыкты жаратууда», - деди ал.

Депутат Кыргызстандын жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн адамдар мамлекеттик символдорду сыйлоого милдеттүү экенин эскертти. Мамлекеттик тууну, мамлекеттик гербди жана гимнди мазактаган адамдар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылышат, деп билдирди Абдалиев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости