www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде бүгүн 10-декабрда жөлөкпул чегерүү тартибине байланыштуу маселе каралат. Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Кенжебек Бокоев “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоордун максаты – жөлөкпул ала турган үй-бүлөнүн жалпы кирешесин эсептөөдө алар менен чогуу жашаган пенсионер ата-энесинин пенсиясын эсепке албоо:

- Жөлөкпулду аныктап жатканда үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси деген болот. Ошондон пенсия деген түшүнүктү алып салуу боюнча мыйзам долбоору. Анткени пенсионер менен чогуу жашаган жаш үй-бүлө балдарына жөлөкпул ала албай калат пенсия кошо эсептелип.

Мыйзам долбоору учурда экинчи окууда каралып жатат. Демилгечинин айтымында, ал 2018-жылдын 30-мартында кабыл алынган «Социалдык коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан, - деп жазат Азаттык.

Кыргызстанда 648 000 пенсионер бар. Алардын 38% мамлекеттен жашоо минимумунан төмөн акча алышат. Орточо пенсия 5682 сомду түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости