www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элнура Алканова, Шайлообек Атазов жана Таабалды Тиллаевден башка саясий пикирлештери эки күндөн бери «пысып» жатышат. Уят, ким болсо да, жолго бирге чыкканыңарды таштап кетпегиле! Мындай пикрин бүгүн, 20-февралда журналист Манас Осмон өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Кечээ Райымбек Матраимовдун астанасында сагалап, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесине кирем деп, ак эткенден так эткен, аталаган, ага жолугушууну самаган, андан жардам алган жана жакшылыгын көргөндөр, бүгүн анын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, жакшы пикириңерди билдирип койгула. Албетте, мамлекет адилеттүү чечимин чыгарат. Куйругуңарды кыпчып, баарың эле ийниңерге кирип кеттиңер да. Саясаттан бөлөк адамгерчилик деген бар.

P.S: Мен аны тааныбайм, жакшылыгын көргөн эмесмин, партиясына кирген эмесмин. Жөн гана кеңеш, Элнура Алканова, Шайлообек Атазов жана Таабалды Тиллаевден башка саясий пикирлештери эки күндөн бери «пысып» жатышат. Уят, ким болсо да, жолго бирге чыкканыңарды таштап кетпегиле!», - деп кошумчалаган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости