www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Манас шаарында “Акылман” атындагы Президенттик мектеп-лицейи курулууда.

Долбоорго ылайык, 360 орундуу окуу корпусу, 410 орундуу жатакана, мугалимдер үчүн турак жай, лабораториялар, китепкана, узундугу 25 метр болгон бассейн, спорт залы жана стадион каралган.

Буга чейин объекттин долбоордук-сметалык наркы кайрадан каралып, мамлекеттик каражаттарды үнөмдөө боюнча иштер жүргүзүлгөн. Алгач мектеп-лицейдин сметалык наркы 2,1 млрд сомдон ашык болуп, курулуштун 1 чарчы метринин баасы 1 103 АКШ долларын түзгөн.

Курулуш министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн кайра эсептөөнүн жыйынтыгында 1 чарчы метрдин наркы 750 АКШ долларына чейин төмөндөтүлүп, объекттин жалпы сметалык наркы 1,7 млрд сомго такталган. Натыйжада мамлекеттик бюджеттен 443,5 млн сом үнөмдөлдү.

Учурда мектеп-лицейдеги курулуш-монтаждоо иштери аяктоо алдында турат. Объектти жаңы окуу жылынын башталышына карата, сентябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.

Последние новости