www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликте туруп, бизнес жасап, байыган ыңгайлуу болгон үчүн парламентке акылы аз болсо да, бизнестин битин сыккандар топтолуп алган өңдөнөт. Ошон үчүн парламенттин кадыры кетип, жылдан жылга деңгээли төмөндөп жаткандай.

Мындай көрүнүштүн жаман жери  парламентте мыйзамды семичкедей чаккандар эмес, байлыгына таянгандардын көбөйүп баратат. Ошон үчүн көпчүлүк депутаттар байлыгыма, бизнесиме зыян келип калбасын деп кандай маселе болсо да оюн айтуудан тартынышат. Башкача айтканда, алар мыйзам жазып жыргатпайт же оюн ачык айта алышпайт.

Келерки жылы мына ушундай адамдар депутат болбосун деген жобо киргизип, парламентке чындап эли үчүн күйүп бышып, маселе чече ала турган адамдар депутат боло турган кылышыбыз керек.

Антпесек партияларга кирип. Материалдык маселесин чечип бере салышканы үчүн мандаттар  бизнесмендер менен кримдүйнө менен байланышы барлардан артпай, чыныгы кесипкөй адистер тышта калып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости