www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөбүздүн көзгө басар Улуттук госпиталында Динара Сагинбаева башкы врач болуп келгенден бери чоң-тополоң токтобой келет. Жетекчи катары жамааттын ички ынтымагын бекемдегендин ордуна Сагинбаева кайра өзү эки-экиден кайраштырып, кырдаалды күн сайын курчутууда, - дейт аталган ооруканын ички булактары.
Динара Сагынбаеванын №1 Көз хирургия бөлүмүнүн башчысы Салтанат Иманбаевага болгон өчөштүк мамилеси куугунтук, басмырлоолордун жалгыз себеби, 2017-жылдын акырында врачтардын күнөөсүнөн улам бир бейтап каза болуп, бул окуяны бөлүм башчы катары Салтанат Иманбаева жаап-жашырбай, күнөөлүүлөр мыйзамдуу жазасын алышы керек деген принципиалдуу позициясын билдирип чыккандан улам башталган.
Алсак, 2017-жылдын акырында врач Л.И. Бушуеванын жоопкерчиликсиз жана өз ишине шалаакы мамиле кылгандан улам Р. Умуралиева аттуу бейтап операциядан кийин абалы оорлоп, каза болуп калган. Бул түздөн-түз врач Бушуеванын күнөөсү болгон. Адам өлүмүнө алып келген мындай шалаакылык иши үчүн башкы врач Д.Сагинбаева аны өз эрки менен жумуштан бошонуп кетүүсүнө шарт түзүп, жок дегенде сөгүш жарыялап койгонго жараган эмес. Анын күнөөсү бар экенин Улуттук госпиталдын чоң комиссиясы аныктап жатканы каңкууланууда.
Атайын комиссиянын айтымына караганда Бушуеванын күнөөсү бар деп аныктама чыгарган соң, мыйзам боюнча Сагинбаева бул ишти прокуратура кызматкерлерине жиберип, маркумду патологоанатомиялык ачуу же сөөктүү сойдуруш керек экендиги айтылган. Бушуеваны коргош үчүн Сагинбаева мыйзамды аттап, муну да кылган эмес.
Мындан сырткары Салтанат Иманбаева тарабынан доклад берилген дагы бир окуяны Сагинбаева атайылап көз жаздымда калтырган. Врач Айгүл Кадыралиева 8 жашар бейтап кыздын канынын анализдери начар экендигине карбай, анын өмүрүн тобокелге салып, операцияга уруксат берген. Мындай абалдагы кызга наркоз өтө кооптуу болчу. Дагы бир Найманбаева аттуу врач жүрөгү оорулуу Итикеева аттуу бейтапка тимоло дарысын бир күндө беш жолу ичесиң деп дайындаган. Жүрөк оорулуу адамдарга аны бир күнгө эки эле жолу берүүгө болот. Болбосо, ал өтө кейиштүү кырдаалга алып келмек. Найманбаева өзүнүн жеке менчик “Карегим” деп аталган клиникасын мамлекеттик жумуш убагында ал жагын дагы чогуу иштетип, бөлүм башчы Иманбаевадан сөгүш алган. Диля Кенжаева деген врач операция жасагандан кийин көзү таптакыр көрбөй калган бейтабы менен азыркыга чейин соттошуп жүрөт.
Улуттук госпиталда чоң чуу жараткан дагы бир окуя Б.Шаршеева аттуу врачыбыз жаш кыздын бир көзүнө туура эмес операция жасап, бир көзүн агызып, жакшынакай кебетсин келиштирип салган. Кыздын алдынан өтүп, тыйынын берип атып ал ишти жапкан.
Улуттук госпиталда Мамазияева аттуу врач иштейт. Өзү профпатология бөлүмүндө иштегенине карабастан Сагинбаеванын көрсөтмөсү менен Көз хирургиясы бөлүмүндө да иштеп калган. Ал бейтаптардын ооруу тарыхын түзбөстөн, анализдерин албастан оорулууларды палатага жайгаштырып, аларга ички веналык инькцияларды дайындаган. Адам өмүрүнө жасалган мындай шалаакылыгы үчүн башкы врач Сагинбаева ага болгону сөгүш эле берип койгон. Мыйзам боюнча аны токтоосуз жумуштан айдаш керек болчу. Мына ушундай “профессионал” врачтардын кемчиликтерин көзгө сая көрсөтүп, бөлүм башчы катары өзүнүн милдеттерин так аткарууга аракет кылган Салтанат Иманбаеванын артынан дал ушул врачтар ар кандай толгон кайрылууларды жазып жүрүшөт.
Жоопкерчилик тартуудан качкан ошол врачтар Д.З.Сагинбаеванын жаңсоосу менен Салтанат Иманбаеванын иши боюнча баш аягы 9 айдын ичинде 4 комиссия түзүшкөн. Ал комиссиянын бири ЖК депуттарынын комиссиясы. Бирок бири дагы Салтанат Иманбаеванын ишиндеги кемчиликти таба алган жок. Тескерисинче каттын авторлорунун иштеги одоно кемчиликтерин тапкан.
Динара Сагинбаева 9 ай ичинде Салтанат Иманбаеваны карата 4 административдик жазага тартып, жумуштан бошотуу тууралуу буйругун чыгарган. Бирок мунун баары мыйзамсыз экендигин далидеген Салтанат Иманбаева жумуштан мыйзамсыз кетирилгендигин райондук, шаардык, Жогорку соттун баарында тең далилдеп утуп чыккан. Жумушка кайра кайтарып берүүгө аргасыз болгон Динара Сагинбаева эми аны адамдык абийирине кол салып, күнгө эртең менен бөлүмдүн 5 мүнөттүк жыйынына өзү катышып, бардык медициналык персоналдын көзүнчө бөлүм башчы Салтанат Иманбаеваны кагып силкип, моралдык кысымга алып келет. Ишке кайра калыбына келтиргенден берки 8 күндүн ичинде бешинчи административдик жазага кириптер кылган. 8 күн ичинде ошонча жаза алууга Салтанат Иманбаева физикалык жактан да жетишмек эмес. Бул болгону министриңди дагы, депутат, президентиңди дагы көзгө илбеген куугунтуктун ачык түрү.
Ошондой эле Сагинбаева Көз хирургиясы бөлүмүндөгү Салтанат Иманбаеваны колдоп, коргоп чыккан кызматкерлерди дагы кысымга алгандан кайра тарткан жок. Мисалы Ниязалиева деген улук медайым бөлүм башчсынын ак экенин, ишине так экенин айтып чыкканы үчүн Сагинбаева тарабынан сөгүш алып, иштен айдалган. Ниязалиеваны чакырып алып, кагып силкип, жаман сөздөрдү айтып, мыйзамда жок берене менен, кол топтогондугуң үчүн деп туруп иштен чыгарып салды. Буга канай комментарий бериш керек? Ал эми Салтанат Иманбаеваны жамандаган жогорудагы карт бөрү врачтарды өзү колдоого алууда.
Жакында эле «NazarNews.kg» маалымат булагына Улуттук госпиталдын Көз хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Салтанат Иманбаевага жалаа жапкан кайрылуу жарыяланган. Ошол кайрылуунун авторлору дагы дал ушул жогорудагы ишинде одоно кемчиликтер кетирилген, адам өмүрү менен ойногон, ишине шалаакы мамиле жасаган, анан айыбы ачылбашы үчүн Иманбаеваны жоготууну көздөгөн, Сагинбаеванын айдагы менен иш кылган врачтардын тобу. Ал кайрылууга 12 врач кол койгон болсо анын жарымы жанагы врачтар, жарымы башкы врач Динара Сагинбаеванын каарынан корккондор. Ошол 12 врачтын арасындагы Б. Асанкулова Салтанат Иманбаевага өзү келип “Мен намаз окуйм. Мен калп айткым келбейт. Бир жолу билбестик кылып Сизге каршы кол коюп бергем. Бул менин катам болуптур. Мындан кийин андай кылбайм” деп айтканы дагы айныгыс факт. Демек булардын атайылап каралап, кандай гана жол болбосун Иманбаеваны жок кылуу максаты ачык көрүнүнп турат. Динара Сагинбаева Салтанат Иманбаеваны кантип жумуштан кетириштин айласын таппай, анын ооруусу боюнча мөөнөтсүз отпускаларын (кысакача больничнаяларын) чын бышыгын иликтетүү үчүн эки иерт комиссия түздүргөн. Эми бул айласы кеткендеги аракеттери деп бааласак туура болот.
Иманбаевага каршы чабуулга чыккан Сагинбаеванын командасы Салтанат Иманбаеванын үстүнө кайрылуу гана жазбастан укук коргоо органдарына кылмыш ишин козготуу үчүн арыз жазышкан. Бирок ал кайрылууда айтылгандардын бири дагы так, туура маалымат болбогондуктан кылмыш ишин ачууга негиз жок деген жообун берди. Кыргызстанда каттала элек “Авастин” препаратын колдонгон деген карандай калпы дагы калкып чыкты. Анткени ал препарат эчактан бери эле катталган, кенен колдонулуп келген дары.
Ал эми Динара Сагинбаевадан коркпогон, адамдык абийирин жогору койгон №1 Көз хирургия бөлүмүнүн кенже медициналык персоналы эч кооптонбостон туруп Салтанат Иманбаеваны ачык колдоп Президентке төмөндөгүдөй кайрылуусун жазышкан. (Жарыбаган айлык алган жөнөкөй медайымдар берки шабашкасы көп врачтардай жумушу үчүн жалтактап, башкы врачтын көзүнүн кареги менен айланбайт)
Президент Сооронбай Шарипович Жээнбековго Кайрылуу
“Биз Иманбаева Салтанат Сулайманованын бөлүм башчы болуп кайрадан дайындалышын колдойбуз. Биз анын көз оорулуулар бөлүмүнө жасаган эмгегин, алып келген аппаратураларын, жаш дарыгерлерге устаттык кеңешин, бейтаптарга, персоналга болгон жылуу мамилесин баалайбыз. Жумуш ордуна кайтып келүүсүн зор кубануу менен кабыл алдык. Буга чейин жамаатты жогорку чеберчилик, жетекчилик бийик деңгээли менен башкарып келген. Мындан ары дагы жамаатты ошол бийик адамкерчилиги, мыкты жетекчилик сапаты менен башкарып кетет деп тиерең ишенебиз. Биздин айтаарыбыз биз медайымдарга, кенже медайымдарга кысым көрсчөтүү менен Иманбаева Салтанат Сулаймановнага каршы кол кодуруп кетишкен. Биз ошону расмий түрдө билдиребиз” деген кайрылуу катын жолдоп, 37 медайым кол койгон.
Чынында эле Иманбаева Салтанат Сулаймановна 33 жылдык тажрыйбасы бар дасыккан врач. 33 жылдын 18 жылын Улуттук госпиталдын №1 көздүн микрохирургия бөлүмүн жетектеп, 18 жыл ичинде 54 миң бейтапты дарылап, анын 7 миңден ашуунуна операцияны өзү жасаган. 70 жылдын ичинде биринчи жолу №1 Көз хирургия бөлүмү толук капиталдык ремонттон өтүп, терезелери, сантехникасы, суу жана жылуулук берүү системалары толугу менен жаңыртылып, 600 миң сомдон ашык суммага эмеректер сатып алынып, 70 бейтаптык койкалар, жумшак жана катуу инвентарлар орнотулган.
Эң башкысы – Швейцариялык Кызыл жарым ай коомунан грант катары бир катар медициналык жабдыктар, анын ичинде Кыргызстандагы жалгыз Octopus автопериметри, жогорку класстагы Carl Zeiss операциялык микроскоптору алынып келинген. Бардык жабдыктары менен 3 кароо кабинеттери ачылган. Ординатордук бөлмө дагы толук ремонттон өтүп, телевизор, компютер, принтер сыяктуу керектүү техникалар менен жабдылган. Бул иштер Иманбаева тарабынан жасалганын эч кимиси эч качан танып кете албаган, айнагыс факт.
Эске сала кетсек буга чейин NazarNews.kg маалымат агенттиги “Салтанат Иманбаеванын жоругу жолдо калсын” деген темада президентке Кайрылган макала жарыя кылганбыз. Бүгүн, жогорудагы макала кат куржунубузга келип түшкөндөн соң жарыялоону туура көрдүк. Калган маселени бийлик бутактарындагы тийиштүү мекемелер чечет.
Төмөнкү шилтемеде толугу менен: http://www.nazarnews.kg/news/30107 Бул Кайрылуу боюнча NazarNews.kg маалымат агенттиги "жашыруун" изилдөөсүн улантат.
Булак: NazarNews.kg