www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айтканга оңой болгону менен 27 жыл, чындап караганда көп убакытты ичине камтыйт. Бирок ушунча жыл ичинде чек араны тактаганга жарабаган чоңдор, эмне иш кылганы үчүн айлык алып жүрүшөт болду экен?-деп сураганга киши жок.

Канчанкыга чейин коңшу өлкөнүн чек арачыларына күн кор болуп, аларга сез көрсөтө албай жер карайбыз? Учурда билермандар эмес, карапайым элдин чый-пыйы чыгып, жер үчүн күйүп бышып жатышса, кресло кучактап, олчойто айлык алгандар ар шылтоону бетке кармап, сөз эмизип келгени бул болуп келген көрүнүш.

Кечээ Баткен облусунун Боз-Адыр айылынын эли “Козубек жайлообузду, өзбектин солдаттары басып алып, бизди текшерип, документтерибизди сурады” деп кан-какшап айтса, облусттун жетекчи кызматкерлери ооздору бош, чечкинсиз жооп айткандары “үйдө баатыр, жоодо жок” деген макалдын туура айтылганын айгинеледи.

Айланайын, өзбектин, тажиктин солдаттары качанкыга чейин биздин элге сез көрсөтүп, кыйын болушат. Качанкыга чейин алардын ыдыгына чыдап, жер карайбыз. Биз баатыр кыргыз элинин тукумубузбу деги?

Андай болсо эмнеге чек араны тактап алганга жарабай, элди кыйноо тартырышыбыз керек?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости