www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бристольдун 61 жаштагы тургуну маркум болгон апасынын чачынан көйнөк тиктире турганын айтып, жаканы карматкан, өзгөчө кабары менен бөлүшкөн. Бул тууралуу metronews.ru сайтына шилтеме жасаган NUR.KZ порталы жазып чыккан.

Айым жада калса көйнөктүн дизайнын да ойлоп койгонун айтат.

“Апамдын той көйнөгүн жаңыртып, өзгөчө кылып тигип берүүчү адамды издөөдөмүн. Апам 1959-жылы турмуш курган. Жакында кайтыш болду. Эми ал тууралуу жакшы бир эстелик калса дейм. Той көйнөгүн жаңыртуу жакшы идея деп ойлойм,”- дейт ал.

Британдык айым көйнөктү жөн эле жаңылап койбой, апасынын чачы менен жасалгалагысы келет. 2014-жылдан бери апасынын чачын жыйнап келгенин, эми көйнөккө коштурууну ойлоп жатканын айтат. Көйнөктү тигип берүүчү адамга 15 миң фунт (1.5 млн сомго жакын) төлөөрүн да билдирген.

Тигилүүчү көйнөктү 2019-жылы апасын эскерүү кечесинде кийүүнү пландоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости