www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маркумду кантип узатуу керек?

Жыл жаңырар алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жыйынында «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Маматалиев, Б.Түлөбаев, Л.Лурова, Э.Кокулов, Б.Тентишев, Исатбек кызы А., А.Козуев, А.Маткеримов тарабынан демилгеленген.

Комитет төрайымы Винера Раимбачаева сунушталып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрүлгөнүн белгилеп, кызыкдар тараптардан, депутаттардан түшкөн сунуштарга токтолду. Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасында маркумдуу узатуу ишин укуктук уюштурууну камсыз кылууга багытталган. Тагыраагы, мыйзам долбоорунун милдети болуп өлгөн адамдын туугандарынын каалоосун эске алып, жана анын тирүү кезинде туюндурган керээзине ылайык сөөктү коюуну жүзөгө ашырууга кепилдикти; сөөктү коюу, сөөктү коюуга жөлөк пул төлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегине кепилдикти, ошондой эле сөөк көмүлүүчү жайды жайгаштырууга, пайдаланууга жана карап-күтүүгө санитардык жана экологиялык талаптардын кепилдигин берүү саналат.

Талкууда депутат Нуржигит Кадырбеков сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү маселесин көтөрдү. Депутат Бактыбек Чойбеков пенсионер каза болгон учурда сөөк коюуга жөлөкпул берүү маселесине кызыкты. Буга Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева сөөк коюуга жөлөкпулдун өлчөмү пенсиянын 10 базалык бөлүгүнөн туруп – 31 миң 700 сомду түзөрүн билдирди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости