www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ХАМАСтын лидеринин бири  өлтүрүлдү

Ливанда ХАМАС  куралдуу тобунун лидеринин орун басары Салех ал-Арури жок кылынганы кабарланды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жеке булактарына шилтеме берип жазды. Алдын ала маалыматтар боюнча ал Израилдин учкучсуз учагы менен өлтүрүлгөн.

Ливандын мамлекеттик NNA агенттиги ХАМАСтын Бейрут шаарынын түштүк четиндеги кеңсесине учкучсуз учактан сокку болгонун ырастады. Салех аль-Арури 57 жашта болчу. Израилдин чалгын кызматы аны мамлекетке каршы бир катар чабуулдарга, анын ичинде 2014-жылдын июнь айында үч өспүрүмдү барымтага алуу жана өлтүрүүгө катыштыгы бар деп эсептейт.

Салех ал-Арури декабрь айында барымтадагы туткундар мындан ары ок атышууну толук токтотуу шарты менен гана бошотуларын билдирген. Газадагы азыркы согуштун тутанышына былтыр 7-октябрда ХАМАСтын Израилдин айрым шаарларына кол салуусу себеп болгон. Израил ХАМАСтын бул кол салуусунан 1200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 170тей аскери окко учканын билдирүүдө.

Газадагы Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 21 978 адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, дагы 2,3 миллиондой адам үй-жайын таштап качууга мажбур болду

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости