www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Орусиянын мунайын жана мунай азыктарын импорттоо эрежелерине өзгөртүү киргизди. Кабыл алынган чечимге ылайык, баанын эң жогорку чегине эми катуураак талап коюла баштайт. Гонконгдун жана Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) ишканаларына карата кошумча санкция жарыяланды. Кошмо Штаттар алар орус мунайын дүйнөлүк базарга алып чыгып сатууга жардамдашууда деп эсептейт.

Эми, жаңы эреже боюнча, баанын жогорку чеги тууралуу келишимге кол койгон өлкөлөр – «Чоң жети» уюмунун, Европа Биримдигинин курамындагы мамлекеттер жана Австралия – Орусияда өндүрүлгөн чийки мунай жана мунай азыктары боюнча жүргүзүлгөн ар бир коммерциялык опеарциясы тууралуу отчет берип турууга милдеттүү болушат.

Орус мунайынын наркынын эң жогорку чеги тууралуу келишим бир жыл мурда кабыл алынган. Ал деңиз аркылуу жеткирилген орус мунайынын баасын бир баррелине 60 доллардан ашпоо зарыл деп чектеп турат. Бирок Москва мунайын Украинага кол салгандан кийинки Батыш киргизген санкцияларга кошулбаган өлкөлөр аркылуу сатуусун активдүү улантууда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости