www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясий серепчи, кандай кырдаал болбосун өз оюн ачык айткан Марс Сариев менен коомчулукту дүрбөлөңгө салган айрым жагдайлар тууралуу ой-бөлүштүк.
-Марс агай, Райым миллиондун атасын эскерүүгө арналган турнирге барган Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү, спикер Дастан Жумабековду коштогон депутаттар коомчулуктун сынына кабылышты. Ал турнирге 30дай чиновниктин барышы Матраимовдордун күчтүүлүгүнөн кабар береби же бийликтегилердин аны менен эсептешүүгө аргасыз экенин далилдедиби?
-Мурун деле Темир Сариев баш болгон даражалуу кызматтагы чиновниктер жыл сайын эле Матраимовдун атасына арналган турнирге барышчу. Катышуучуларга Атамбаевдин атынан белектерди беришчү. Саясаттын нугу башка жакка бурулганы үчүн бу сапар Матраимовдордун атасын эскерүүгө арналган турнирге баргандар коомчулуктун сынына кабылды. Анткени, Раим миллиондун мүлкү текшерилип жатканда Бороновдун, спикердин жана бир канча депутаттын барышы саясатка айланып, коомчулуктун көңүл борборуна айланды. Сыягы, Матраимовдун атасына арналган турнирге барган чиновниктер бир нерсени түшүнбөй калышты. Алар абалдын башка нукка бурулганын, өзгөргөнүн билбей калышты. Президент коррупция менен күрөштү күчөтөбүз деп жатканда бул турнирге барбай эле коюшса болмок. Булар чоң саясий катачылыкка жол беришти. Анткени, коомчулук президенттин Матраимов менен күрөшү кандай болот деп турганда, өкмөт мүчөлөрү спикер, депутаттардын баарынын аталган иш чарага барышы маселе президентте эле эмес, өкмөттө, Жогорку Кеңеште турбайбы, элитанын көпчүлүгү Матраимовду колдойт турбайбы деген ойго кептелди. Эми Жанар Акаевдин да рейтинги төмөндөйт. Эми мындан чоң маселе жаралат. Граждандык коом депутаттардын, өкмөт мүчөлөрүнүн кадырын кетирет. Жыйынтыгында эл менен элитанын ортосунда жаракка кетет. Бирок, аны башкалар пайдаланып, элитаны жоготот. Бийликтин да рейтинги түшүп, абал курчуйт. Украина, Армения, Казакстандагы жагдайлардын эпкини, таасир Кыргызстанга да тийет.
-Матраимовго каршы иш кылса, бийлик утабы же утулабы?
-Бул жерден бир нерсени баса белгилеп коюш керек. Атамбаевдин убагында Бакиевдер менен күрөшүп, КСДПнын электоратын Матраимовдор топтоп берген. Азыр Матраимовду куугунтукка алса, бийлик да түштүктөгү электоратын жоготот. Анткени, Матраимовдор Бакиевдер менен күрөшкөн түштүктөгү күчтүү кландардан. Буларда финансылык мүмкүнчүлүгү да жогору. Ошон үчүн элитанын баары атасын эскерген турнирге барышты да.
-Жогору жактагылар Райим миллиондун айласын таба албай жатканы үчүн финполиция азырга чейин анын мүлкүн эсептеп бүтө албай жатбы?
-Анткени, азыркы бийликке да каражат, анан аларды колдогон эл керек. Ал бул дегенибиз менен Раим миллиондун түштүктө колдогондор көп. Ошондуктан ага карата жаман пикир жарата албай тилектештик кылып, катуу кетпей жатышкандай. Себеби, бийликтегилер да шайлоо алдында түштүктү колго алган адамдан айрылгысы келбейт. Ошон үчүн орто жолдо турган аны актай же каралай албаган кырдаал жаралды.
-Кыргызстандагы саясий жагдай кандай нукка бурулушу, кайсыл багытка өзгөрүшү мүмкүн?
-Казакстанда, Украинада, Армениядагы башталган окуялардын эпкини Кыргызстанга да сөзсүз тийет. Украинадагы Зеленский саясатчы болбосо да, элдин президент кылып шайлап алганы да көптөргө дем, шык берет. Дүйнөдөгү классикалык саясатчылар саясий аренадан кете баштаган процесс Кыргызстанда да болушу ыктымал. Саясий элиталар акырындап саясаттан кетип, саясий процесстер украинадагыдай өнүгүп, граждандык коом күчөйт. Жыйынтыгында, азыркы саясий элита сүрүлүп чыгып, башка саясий фигуралар, лидерлер чыгат.
-Өкмөт жакында нааразычылык акцияларга чыккандарга каршы өздөрү чыгарган токтомду колдонуп, резина ок, көздөн жаш агызчу заттарды колдонуп, чогулган элди күч менен таратышымүмкүнбү?
-Эгер бийлик митинг, пикетти күч менен тараткан катаал жолду тандаса, Бакиевдин жолу менен эле кеткенге барабар иш кылат. Өкмөт андай катаал токтом чыгарганы менен андай ыкманы колдонсо, эл чыдабайт. Мындан да абал курчуп кетиши ыктымал. Ошондуктан, бийлик кандай жагдай болсо да, элге каршы чара көрүүдөн алыс болушу керек.
-Уран кенине тез арада чекит койбосо, бир жумадан кийин кеч болуп калабы?
-Азыр өкмөт текшериш керек деп убакытты созгон сайын бийликтин рейтинги түшүп, утулуп жатат. Бийликтин атаандаштарына уран кенин лозунг кылып, элди чогултушуна шарт түзүлдү. Өкмөт канчалык жан далбастабасын уран кенине каршы чыккандар токтобойт. Кырдаал татаалдашат. Башкача айтканда, азыркы бийликке каршы акциялар экологиядан баштап, саясий лозунгдарга бир-эки айда өтүп кетет. Атамбаев берген эки ай убакыт да соңуна чыгып, майдын экинчи жарымында нааразычылык акциялар күч алат.
Чынайым Кутманалиева, Фабула