www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маршуруттук таксилер чоңдорду багат

Ооба, чындап алганда шаардагы жол талашкан маршуруттук таксилер, алкымы чоң чоңдорго кызмат кыларын баары билет, бирок билмексен болушууда. Айткандай он миңге жакын маршуруттун айдоочулары бир айда патентти кошпогондо эле канча акча төлөп линияга чыгат. Ал акчалар кайда кетип жатат?- аны сураган киши бир балээге калат.

Андан дагы алар машиналары бузулуп калса өздөрү жандарынан акча чыгарып төлөп, оңдоп алышат. Айтмакчы “автобусттарды алып келебиз” дегендердин аракети бул болбогон нерсе.

Анткени автобустарды көчөлөргө коё берген болсо, анда алардын тетиктерине ким акча төлөйт.

Курган Нариман Түлеев “автобус алып келе калам” деп, ажыдаарлардын куйругун басып алып, абакка жатып чыкты. Ким эле жеп жаткан нанын тартырып жибергиси келсин.

Азыр абадан акча жасап, маршуруттук таксилердин артына туруп алып оңбогондой акчага маарып жаткандар бар, бирок аны текшерген жан жок.

Анан бекер жерден акчага тунгандар кантип автобустардын келишин кааласын.

Ушул жагын дагы эске алган жөндүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости