www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мавлян Аскарбеков өзүнүн Фейсбуктагы түз эфирине чыгып, Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бактын абалы тууралуу кеп кылды.

Анын айтымында, эстеликтин жазуулары мыкты жана бекем материалдан жасалган. Аны белгисиз адамдар күч менен атайын аракет кылып, жулуп салышкан. Ошондой эле, бүтө элек сейил бактын ичинде жаңы орнотулган урналарды дагы өрттөп кетишкен. Азыркы учурда бул сейил бакка камералар орнотулуп жатат.

Белгилей кетсек, "Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги жакында гана ачылса да, анын жазуулары түшө баштады" деген маалымат тарады. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу блогер Владимир Цай баракчасына жазып чыгып, ал аты-жөнү жазылган тамгалар эки тараптуу “скотч” менен чапталгандыктан, жерге түшө баштаганын айткан. 

Ага карата, Бишкек шаардык мэриясынын аппаратынын башчысы Балбак Түлөбаев билдирүү таратты. Анда ал: "Эч кимге күнөө койбойм. Жамандабайм.  Биз бир нерсени чукулап, кармалап көрүп, анан бузуп алсак бирөөгө шылтап баса беребиз. Мен ушундан #тажадым. Анан ким жаман? Мэрия жаман. Ооба, кемчилик бар, бирок өзүң таза болуп туруп, анан сында да. Эми чукулап түшүрө албагандай кылып башкача жазайбыз", - деп маалымдаган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости